Дүйнөгө белгилүү оюнчуктарды чыгаруучу LEGO компаниясы Европадагы төртүнчү заводун Португалияда курууну пландаштырууда. Даниялык компания жаңы долбоорду ишке ашырууга 1 миллиард евро жумшайт.

Завод Португалиянын Эстаррежа шаарында курулат. Курулуш иштерин келерки жылы баштоо пландалып, өндүрүштүк комплекс 2030-жылы ишке киргизилет.Долбоордун алкагында заманбап автоматташтырылган технологиялар менен жабдылган ишкана түзүлүп, миңден ашык адам иш менен камсыз болот.

Жаңы өндүрүш комплекси 60 гектар аянтты ээлейт. Жабык өндүрүш жана башка объектилердин жалпы аянты 115 миң чарчы метрди түзөт. Ишканада өндүрүлгөн оюнчуктар Европа, Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүнүн рынокторуна жеткирилет.

Учурда LEGO өндүрүш ишканалары Европада Дания, Венгрия жана Чехияда иштейт. Португалияда курула турган жаңы завод ишкананын аймактагы өндүрүштүк кубаттуулугун дагы да жогорулатат.

Жеке бөлүктөрдөн чогултулган LEGO курулуш комплекттери ар кандай курактагы балдардын арасында абдан популярдуу жана чыгармачылык жана дизайн көндүмдөрүн өнүктүрүүгө салым кошот.