Өлкөбүздө ак эмгеги менен Мекендин өнүгүшүнө салым кошкон адамдарга өзгөчө урмат-сый көрсөтүлөт. Түркмөнстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада үлгүлүү эмгеги менен өзгөчөлөнгөн атуулдардын бир тобуна ардак наамдар жана мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылганы мунун ачык далили болду.

Сыйлангандардын арасында Керкин рай-онундагы «Азатлык» кол-хозунун тажрыйбалуу механизатору Тойлы Жораев да бар. Ал бул кесипте 20 жылга жакын убакыттан бери эмгектенип, профессионалдык чеберчилигин тынымсыз жогорулатып келет. Бул жылдардын ичинде ал айыл чарба техникасын башкаруунун татаал жактарын жакшы ездештуруп, езун тажрыйбалуу адис катары керсетту.

Тойлы Жораев жыл бою дыйкандарга активдуу жардам керсетуп жатат. Ал пахтаны жана буудайды себууге талааларды даярдоодо, урен себууде, дан эгиндерин багууда, минералдык жер семирткичтерди чачууда абийирдуулук менен эмгектенет. Ишке болгон жоопкерчиликтуу мамилеси, кесипкөйлүгү аны кесиптештеринин жана дыйкандарынын зор урматтоосуна ээ кылды.

Жакында атайын кабарчыбыз тажрыйбалуу механизатор менен ацгемелешип, анын эмгек жолу, кесипчилик тажрыйбасы менен таанышты.