Түркмөнстандын курулуш жана архитектура министрлиги Түркмөнстан менен Ооганстандын чек арасындагы Лебап велаятынын Керкин этрапында жайгашкан Имамназар бажы пунктун реконструкциялоо боюнча курулуш иштерине тендер жарыялады. Бул тууралуу «Түркмөнстан» гезити жазды.

Тендер чек ара бажы бекетинин инфраструктурасын модернизациялоого багытталган. “Имамназар” Түркмөнстан менен Ооганстандын соода-экономикалык алакалары, ошондой эле чек арадагы транспорттук-логистикалык коридорлор үчүн маанилүү объекттердин бири.

Конкурса гатнашмак ислейэн гызыкланян адамлардан арзалар ве теклиплер Туркменистанын Гурлушык ве архитектура министрлигиниц Рынокы евренмек ве дашары ыкдысады арагатнашыклар белуминде белленилен тертипде кабул эдилйэр хем-де формулирленйэр.

Тендердик документтерди берүүнүн акыркы мөөнөтү – 2026-жылдын 24-ноябры.

Имамназар бажы пунктун реконструкциялоо чек ара инфраструктурасынын мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга, ошондой эле Түркмөнстан менен Ооганстандын ортосундагы соода жана транспорттук-логистикалык мамилелерди өнүктүрүүгө жардам берет.