Лебап велаятынын Туркменабат шаарындагы №39 атайын орто мектептин 12-классынын окуучусу Расул Рустамов уландар жана кыздар арасында кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду.
Италиянын Хезоло шаарында өткөн дүйнөлүк чемпионатта түркмөнстандык спортчу 17-18 жаш категориясында 54 килограммга чейинки салмакта күч сынашты. Расул Рустамовдун ийгилиги Лебап велаятынын жаш спортсмендери эл аралык спорттук мелдештерде ездерунун мумкунчулук-терун керсете аларын ырастап турат.
Бүткүл дүйнөлүк кикбоксинг уюмдар ассоциациясы (WAKO) уюштурган чемпионатка 78 өлкөдөн 4800дөй спортчу катышты. Бул турнирдеги атаандаштыктын жогорку деңгээлинен кабар берет.
Түркмөнстандын курама командасы дүйнөлүк чемпионатка биринчи жолу катышып, ийгиликтүү оюн көрсөттү. Түркмөнстандын спортчулары мелдешти бир алтын, бир күмүш жана төрт коло медаль менен жыйынтыкташты.
Расул Рустамовдун дүйнөлүк чемпионаттагы коло медалы анын жеке жетишкендиги болуп, түркмөн спортунун эл аралык аброюн бекемдөөгө салым кошкон.







