Лебап велаятында 2026-жылдын январь-август айларында пахта буласын өндүрүү 44,8 миң тоннага жеткен. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,2 миң тоннага көп болуп, өндүрүштүн өсүү темпи 33,6 пайызды түздү. Бул тууралуу «Түркмөн күндогары» гезити билдирет.

Отчеттук мезгилде велаяттын дыйкандары 174,2 миц тонна жашылча остурушту. Картошка өндүрүү 109,9 миң тоннага, тамак-аш азыктары 132,1 миң тоннага жетти.

Жүзүм өндүрүүдө да өсүш камсыз болду. Эгерде 2025-жылдын сегиз айында 4,8 миң тонна жүзүм өндүрүлгөн болсо, үстүбүздөгү жылдын тийиштүү мезгилинде бул көрсөткүч 5,3 миң тоннаны түзгөн. Мөмө-жемиш өндүрүүдө да оң натыйжалар белгиленди.

Велаятта да мал чарбасы боюнча ендуруштук керсеткучтер жогорулады. Жылдын сегиз айында тируулей салмакта 104,4 миц тонна эт, 453,2 миц тонна сут ендурулду.

Жумуртка өндүрүүдө да өсүү темптери белгиленди. Отчеттук мезгилде 191,3 миллион даана жумуртка өндүрүлгөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,9 миллион даанага же 4,3 пайызга көп.

Мындан тышкары велаяттагы чарбалардагы төөлөрдүн саны 5,9 миңге жеткен. Бул көрсөткүч өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,5 пайызга өскөн.

вндуруштук кврсвткучтврдун есушу Лебап велаятынын айыл чарбасынын дыйканчылык жана мал чарба тармактарында иш ырааттуу улантылып жаткандыгын айгинелейт.