Саят этрапынын 13-нжи чагалар багынын саз мугаллымы Огулнабат Жожарова: Балдардын гармониялуу өсүп-өнүгүшүндө, алардын ой-сезимдерин кеңейтүүдө, улуттук духта тарбиялоодо музыка өзгөчө орунду ээлейт. Мектепке чейинки мекемелерде үзгүлтүксүз уюштурулган музыкалык иш-чаралар балдардын чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө, сулуулукка болгон сүйүүсүн калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Баланын жаштайынан алган тарбиясы анын андан ары инсан болуп калыптанышына чоң таасирин тийгизет. Андыктан бала бакчаларда улуттук тарбияга, элдик чыгармачылыкка, жомок, музыкага өзгөчө көңүл бурулат. Балдар жомок угуп, ыр ырдап, музыкага байланыштуу оюндарга катышканды жакшы көрүшөт. Ушундай иш-чаралардын аркасында алардын искусство жөнүндөгү алгачкы идеялары калыптанат.

Музыка балдардын эмоционалдык дүйнөсүнө гана таасирин тийгизбестен, сүйлөө, эс тутум жана көңүлүн топтоо жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө да салым кошот. Ырдын текстин үйрөнүү, аларды концертте аткаруу жана чогуу ырдоо балдардын ортосундагы мамилени чыңдап, командада иштөө көндүмдөрүн өстүрөт.

Балдардын күнүмдүк турмушуна, оюндарга, жаратылышка, достукка арналган ырлардын жаш курагына ылайыктуу тарбиялык мааниси бар. Ырлардын мазмуну балдарда жакшы сапаттарды калыптандырууга жардам берет: достук, эмгекчилдик, улууларды урматтоо, бири-бирине жардам берүүгө даяр болуу жана жаратылышты сүйүү.

Музыка сабагында балдар жаңы ырларды үйрөнүшөт, аларды чогуу аткарышат, ар кандай музыкалык аспаптардын үндөрү менен таанышат. Мына ушунун бардыгы алардын чыгармачылык жендемдуулугун ачууга мумкундук берет. Обондуу музыка балдардын маанайын көтөрүп, көркөм кабылдоосун өнүктүрөт, искусствого болгон кызыгуусун арттырат.

Ошентип, бала бакчадагы музыка эс алуунун же көңүл ачуунун гана каражаты болбостон, балдардын интеллектуалдык, руханий жана адеп-ахлактык жактан өнүгүүсүнө көмөктөшүүчү маанилүү тарбиялык каражат болуп саналат. Демек, жаш муундардын гармониялуу өсүп-өнүгүшүндө балдардын катышуусунда музыкалык иш-чаралардын мазмундуу жана кызыктуу уюштурулушу чоң мааниге ээ.