Республикада айыл чарбасынын эц маанилуу мезгилинин бири болгон пахта жыйноо улантылып жатат. Мына ушул чечуучу мез-гилде дыйкандардын кужурмен эмгегинин аркасында пахтанын тушуму жыйналып, пахтанын уйулвру кун сайын жогорулоодо.

Пахтачыларды колдоо жана алардын ак эмгегин урматтоо максатында Дьяневский этрапындагы «Ватан» дыйкандар коомунун талаа станында «Дыйкандар байы-шат — елке бекемделет» деген музыкалык кече болуп етту.

Түшкү тыныгууда уюштурулган иш-чарага коомдук уюмдардын өкүлдөрү, маданият жана искусство кызматкерлери, жер ээлери, механизаторлор катышты.

Фестивалда аткарылган музыкалык чыгармалар айыл эмгекчилерине жакшы маанай тартуулап, алардын күжүрмөн эмгегин улантууга моралдык колдоо болду. Баяндамада элдин бакубат жашоосун камсыз кылуу, айыл чарбасын өнүктүрүү жана калктын турмуш деңгээлин жогорулатуу боюнча өлкөдө көрүлүп жаткан чаралар сыймыктануу менен белгиленди.

Мындай иш-чаралардын дыйкандардын эмгегине болгон урмат-сыйын арттыруу, алардын жаны ийгиликтерге умтулуусун кучетуу, айыл эмгекчилерин бириктируу учун зор мааниси бар.