Сейитназар Сейди атындагы Туркмен мамлекеттик педагогика институтунун математика жана аны окутуунун методикасы кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу, старший окутуучу Ширалы Баеков Түркмөнстандын жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулар курамынын арасында өткөрүлгөн «Жылдын мыкты мугалими» мамлекеттик конкурсунда экинчи орунду ээледи.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча Ширалы Баеков 149,05 баллга ээ болду.
Жеңүүчүлөрдү аныктоонун негизги критерийлери болуп жогорку окуу жайлардын рейтингдик системасындагы профессордук-окутуучулар курамынын көрсөткүчтөрү, ошондой эле санариптик платформада автоматтык түрдө эсептелген жыйынтыктар болду.
ЖОЖдун профессордук-окутуучулар курамынын кесиптик чеберчилигин, илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүн жана билим берүү системасын өнүктүрүүгө кошкон салымын аныктоо максатында «Жылдын мыкты мугалими» мамлекеттик сынагы өткөрүлдү.
Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө жана байгелүү орундарга ээ болгон мугалимдерге Түркмөнстандын Билим берүү министрлигинин дипломдору ыйгарылат.







